Сузакта күйдүргүгө шектелип сегиз адам ооруканага жаткырылды

  • 3 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сегиз адам күйдүргүгө (сибирь жарасы) шектелип ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен төртөөнүн диагнозу лабораторияда аныкталган.

Бул тууралуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубан Бектурдиевдин маалымдады.

Бектурдиевдин берген маалыматына ылайык, учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык, тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. Анын айтымында, илдет бейтаптарга оорулуу уйдан жуккан болушу мүмкүн. Себеби, алар оорулуу уйду союп жешкен. Дарыгер булардан тышкары уйдун этин жеген дагы 20 адам байкоого алынганын кошумчалады.

10-сентябрда Аксы районунда дагы күйдүргүгө шектелип,жети киши ооруканага жаткырылган. Алар өлгөн малды союп жешкени белгилүү болгон.

Сүрөт интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты