Бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 57ге жетти

  • 3 года мурун

28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, арыз берген талапкерлердин саны 57ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, арыз тапшыргандардын бардыгы шайлоого талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн. БШК арыз тапшыргандардын тизмесин расмий сайтына жарыялады.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты