​Аскар Сыдыков: “Экономикадагы өзгөчө кырдаал” мыйзам долбоору боюнча мамлекетке жеке ишканалар үлүшүн алып коюуга жол ачат” (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө “Экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу” Жогорку Кеңеш кабыл алып, бирок жакында Президент кайра кайтарган мыйзам долбоорунун кемчил жактары тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков сереп салат.

— Бул мыйзам долбоору өкмөткө (Министрлер кеңешине-ред.) эбегейсиз ыйгарым укуктарды берет. Алар Жогорку Кеңештин эч кандай макулдугу жок эле көп нерсени жасай алат экен. Мисалы, салык режимин алмаштыра алат, алсак, патент менен иштегендерди жалпы режимге которуп же болбосо ага башка ставканы колдонуп. Мамлекеттик сатып алууну тендери жок эле өткөрүп, ички соода жүргүзүү тартиптеринин жол-жобосун каалашынча өзгөртө ала турган болот.

Жалпысынан бир берене каралган, ал жерде мамлекетке тиешелүү башка жөнгө салуучу механизмдерди өкмөт өзүнчө тандай алат деген. Бул дагы — аябагандай чоң бийлик, чоң тобокелчилик деп эсептедик.

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктар жөн жеринен берилген эмес да, мамлекетте баланс болушу керек.

Анан дагы, эгерде бир ишкананын мамлекетке карызы болсо, аны үлүшкө айлантуу механизми каралган. Сиз бирөөгө жакпай калсаңыз, кошумча салыкты эсептеп, төлөй албай калсаңыз, мамлекет сиздин ишкананын үлүшүн алып коет экен. Бул — аябай чоң бийлик. Бизде жүз миңдеген ишкана бар, алардын үлүшүн каалагандай алып кое алышат экен.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты