УКМК Таласта бийлик өкүлдөрүнүн коррупциялык схемасын аныктаганын кабарлады

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, айрым кызматкерлер өкүлчүлүктүн имаратында жайгашкан жайларды коммерциялык жана коомдук уюмдарга ижарага берип, андан түшкөн каражатты мыйзамсыз түрдө өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Мындан тышкары ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн курулган ведомстволук үйдө коммуналдык кызматтарга жана үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз акча бөлүнүп турганы аныкталган.

Бул аракеттердин негизинде мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар башка адамдары иликтеп, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүүдө.

.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты