Саясий жана коомдук ишмер Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өтөт

  • 3 года мурун

Бүгүн, 30-сентябрда, Бишкекте белгилүү саясый жана коомдук ишмер, юрист, медиаменеджер Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өтөт. Быйыл ал 70 жашка чыкмак.

Бабырбек Жээнбеков 1951- жылы 1-сентябрда мурдагы Киров, азыркы Манас районунун Арал айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал акыйкатсыздыкка каршы туруп, мурдагы бийлик тушунда “Алиби”, “Ачык саясат”, “Назар” гезиттерин жарыкка чыгарып, кыргыз журналистикасында көптөгөн шакирттерди даярдап, кыргыз элине, журналистика тармагына зор кызмат өтөгөн.

Ал 2019-жылы март айында дүйнөдөн өткөн.

Учурда Бабырбек Жээнбеков атындагы коомдук фонд ачылууда. Ошондой эле укук тармагын мыкты чагылдырган журналистке ал кишинин атындагы атайын сыйлык тапшыруу жагы демилгеленүүдө. Туулуп-өскөн Талас облусунун Манас районунун Кайыңды айыл өкмөтүнөкараштуу Арал айылынын көчөсүнө атын ыйгаруудемилгесин көтөрүшүүдө.

Эскерүү иш-чарасына айтылуу саясатчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, журналисттер чакырылган.

Анын уулу, белгилүү саясатчы Равшан Жээнбеков акыйкатсыздыкка каршы туруп келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты