​Бабырбек Жээнбековду акыркы сапарга узатуу

Бүгүн, 23-мартта, белгилүү юрист, журналист, медиа менеджер, коомдук жана мамлекеттик ишмер Бабырбек Жээнбеков акыркы сапарга узатылды.

Бабырбек Жээнбеков 1951- жылы 1-сентябрда мурдагы Киров, азыркы Манас районунун Арал айылында жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин, ар кандай кызматтарда, юриспруденция тармагында, журналистикада иштеп, акыркы жылдары Монополияга каршы агенттикти жетектеди.

Кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. «Алиби”, “Ачык саясат” гезиттерин негиздеди жана башкы редактору болду, “Назар” гезитин каржылады. 2010-жылдагы Апрель революциясында эмгеги зор.

Коштошоор алдында анын замандаштары өзгөчөлүү сапаттарын- адамгерчилигин, туруктуу позициясын, жумшактыгы менен катар эле эр жүрөктүүлүгүн кеп кылышты.

“Ылдыйдан чапса төш тоскон”

Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов Бабырбек Жээнбеков жалпы кыргызга аттын кашкасындай көрүнгөн, саясаттын кан тамырын кармап турган чоң инсан жана журналист болгонун белгиледи.

-Эгерде Кыргызстанда эки журналист бар десе, ошонун бири, Мелис Эшимканов менен Бабырбек Жээнбеков болду. Булар өздөрүнүн принципиалдуулугунан, билгич, сезгич адистигинен танбай, калп айткан жок, саясатчы катары да, журналист катары да айтканынан кайтпаган көкжал, азамат эле. Мындайлар чанда болот.

Бүгүнкү күндө кошоматчылар, жүгүнгөндөр өтө арбын болуп кетти. Ал ата каны, эне сүтү менен келген касиетин кармады.

«Ылдыйдан чапса төш тоскон” деген журналист эле, -деди Анатай Өмүрканов.

“Билимдүү юрист, журналист”

Саясатчы Кубатбек Байболов Бабырбек Жээнбековдун өтө билимдүү юрист, журналист болгонун баса белгиледи

—Кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны, өтө билимдүү юрист, акыйкат сөздү айткан журналист. Баштаган иштин майын чыгарып иштеген адам эле.

Далай жылдар жолдош болуп жүрдүк.

Анын уул-кызына, жалпы урук-тууганына, кыргыз элине көңүл айтам, -деди Байболов.

Президенттик аппараттын администрация башчысы Досалы Эсеналиев Бабырбек Жээнбеков кайсы маселе болбосун, баа бере алганын айтты:

—Көп жылдык кызматташтык мамилебиз бар эле. Кайсы жерден учурашпайлы, аябай жайдары, кишиге көңүл буруп, ал-ахвалын сураган адам эле.

Журналистикада жаркылдап чыкты, бир канча гезиттерди түптөдү, канчалаган журналисттерди тарбиялады, мамлекеттик кызматта да өзүн көрсөттү. Кайсы маселе болбосун, ошого баа бере алчу,- деди Эсеналиев.


“Өрнөктүү өмүр”

Укук коргоочу Турсунбек Акун Бабырбек аганын адвокат катары акы албай да адам укугун коргоп келгенин баса белгиледи:

—Көп жыл бирге иштешип, ага-инидей болуп жүрдүк. Көп жылдардан бери адам укугун коргоп келди. Көп учурда адвокат катары акчасын албай эле коргоп берди.

Монополияга каршы агенттикте таза жана принципиалдуу иштеди. Бирок аны кызматтан алып коюшту. Бул дагы саламаттыгына зыян алып келди.

Бизди гезитте сындаган да, мактаган да күндөр болду. бирок принципиалдуу көз карашынан жазган жок, -деди Акун.

Акыркы сапарга узатар алдында уулу Равшан Жээнбеков өмүр жана өлүм маселесине токтолду.

-Эки күн мурун, атам акка моюн сунарын сезип, бала-чакасын чакырып калганда:

—Ата, коркуп жатасызбы? –деп сурадым.

—Эч нерседен корккон жокмун, -деди.

—Кандайдыр кабатыр, түпөйүл сезимде болуп жатасызбы?

—Жок, андай сезим жок. Көңүлүм ток, -деп жооп берди.

Атам бир карасаң ак көңүл, бирок эр жүрөк адам эле. Ажалга да тике карап, кыйналганын билдирбей, кечээ таңкы саат беште узап кете берди. Атамдын өмүрү, бүткүл турмушу мага сабак болду, -деди уулу.

Бабырбек Жээнбеков ушул саптардын автору, мага да таалим берген насаатчым болчу. Бул күнү анын эшигинин алдында алчалар гүлдөп, көргөн көзгө жарыгын чачып турду. Бабырбек ага да ошондой адамдарга жарыгын чачып турган инсан эле.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты