Клара Сооронкулова менен Рита Карасартованын шайлоого катышпоо маселесин талкуулаганы чын

Бүгүн, 29-сентябрда, «Фейсбук» социалдык тармагында «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен аталган партиянын мүчөсү, укук коргоочу Рита Карасартованын сүйлөшүүсү делген аудио тарады. Анда Сооронкулова менен Карасартова алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу маселесин талкуулашкан.

«»Ата Мекендин» тизмесине эч ким кирбей жатат. Текебаев өткөндө учурдагы депутаттардан беш депутат кирет деп жатпады беле, Каныбек Иманалиев бир мандаттуу округдан катышам деп жатыптыр. Бахадыр (ред. — Сулейманов) болсо операция болуп, Германияда экен. Элестет, электораты барлардан эч ким кирбесе… Ошол үчүн бугүн Өмүрбек Чиркешовичке «Бийликтен бир партия чыгып жатыптыр, шайлоо баягыдай эле болот. Биз мындай шайлоого катышпайбыз деп эле катышпай койбойлубу» десем, ойлонуп калды», — деген Клара Сооронкулова катары көрсөтүлгөн адам.

Рита Карасартова ага «Ооба, Садырчылар менен Ташиевчилердин аракетин легалдаштырбоо үчүн ушундай «жесть» жасап чыгып кетсек, жакшы болмок», — деп жооп берген. Андан соң ал, эгер оппозиция сүйлөшүп, толугу менен шайлоодон чыгып кетсе, мыкты болмок деген оюн айткан.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда «Ата Мекен» жана «Реформа» партиялары демократиялык коалиция түзүшкөнүн, анын негизинде парламенттик шайлоого бирге бара турганын жарыялашкан. 27-сентябрда аталган коалицияга «Туран» партиясы кошулуп, меморандумга кол коюшкан.

ПолитКлиника медиасы жогорудагы аудионун аныктыгын текшерүү максатында Клара Сооронкулова менен Рита Карасартовага кайрылды.

Клара Сооронкулова менен Рита Карасартованын шайлоого катышпоо маселесин талкуулаганы чын


Клара Сооронкулова аудиодогу сүйлөшүү чындап эле болгонун тастыктап, эң негизги маселе жеке сүйлөшүүлөрдүн ким тарабынан жаздырылып жана таратылып жаткандыгында экендигин айтты.

«Мурдагы шайлоолордо административдик ресурс жабык колдонулуп келсе, азыр бийлик ачык жана кылмыштуу жол менен колдонуп жатат», — деди ал.

Сооронкулова телефондогу жеке сүйлөшүүлөр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан бийликтин буйругу менен жаздырылып жатат деген ишенимде.

Анын айтымында, жогорудагы сүйлөшүү мындан эки жума мурун болгон.

«Шайлоого катышпай калышыңыздар мүмкүнбү?» деген сурообузга «Башында ошондой ойлор болгон. Бирок азыр тизмебиз күчтүү, шайлоого катышабыз», — деп жооп берди.

Клара Сооронкулова менен Рита Карасартованын шайлоого катышпоо маселесин талкуулаганы чын

Рита Карасартова дагы аудионун аныктыгын тастыктап, бул аудионун тарап кетиши УКМКнын өлкөдөгү кооптуу маселелерге көңүл буруунун ордуна жарандык активисттердин аркасынан аңдып, чагымчылдык жаратуу менен алектенип жатканынын дагы бир далили экенин айтты.

«Аудионун эч кандай деле мааниси жок, партиянын тизмеси такталып жатканда сүйлөшүлгөн. Биздин жеке оюбузда, тизмеге буга чейин депутат болуп турган, таанымал адамдар кирсе дегенбиз. Ал эми Өмүрбек Чиркешович тажрыйбалуу саясатчы катары, тескерисинче, азыркы чакырылыштын депутаттарына көп басым жасабай, аты таза, энергиясы бар адамдарды көбүрөөк топтойлу деп сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Аудиодо ошолорду сүйлөшкөнбүз, андан башка эч нерсе жок. Бирок УКМКнын жарандык активисттердин жеке сүйлөшүүлөрүн тыңдап, анан таратып жатканы жакшылыкка алып келбейт. Бул — бийликтин жүзү», — деди ал.

Карасартова эч бир кысымга карабастан, тескерисинче, күчтөнүп, дагы да жакшы иштерди жасоо үчүн шайлоого бара тургандыктарын белгилеп өттү.

Ал эми аталган аудиону «Фейсбукта» бөлүшүп жаткан Aijan Jeenbekova аттуу колдонуучуга бул видеону кайдан алганын сурап кайрылганыбызда биринчи булак ал эмес экендигин, видеону интернет мейкиндигинен көрүп, жөн гана кызык болгон үчүн бөлүшүп койгонун айтты.

Aijan Jeenbekova‘нын баракчасын карай турган болсок, анын Садыр Жапаровдун көптөн берки тарапташы экендигин байкоого болот.

Клара Сооронкулова менен Рита Карасартованын шайлоого катышпоо маселесин талкуулаганы чынЖыйынтык: Социалдык медиада тарап жаткан Клара Сооронкулова менен Рита Карасартованын сүйлөшүүсү делген аудио монтаждалган эмес. Анда айтылгандардын бардыгы чындык. Бирок эки тарап тең сүйлөшүү партиянын тизмеси такталып жатканда, тагыраак айтканда, бир-эки жума мурун болгонун айтышты жана алдыдагы парламенттик шайлоого катыша тургандыктарын билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты