Кой-Таш окуясы: Атамбаев соттук отурумга келген жок

  • 3 года мурун

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс улантылып жатат. Бирок бул жолу соттук отурумга айыпталуучулардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинген жок.

Сотко президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов менен саясатчы Равшан Жээнбеков катышууда.

Отурумду «Апрель» телеканалы түз көрсөтүп жаткан, бирок сот видео тартууга уруксат берген жок.

27-сентябрдагы соттук отурум адвокаттын жоктугунан улам 29-сентябрга жылдырылган.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши шектелүүдө.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту өткөн жылдын 3-мартынан бери карап жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуясы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты