Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы кыз кармалды

  • 3 года мурун

Ош шаарында 37 жаштагы эркектин өлүмүнө шектелип 20 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрь күнү саат 02:55те Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан 35-40 жаштагы азиат улутундагы адам сол бутунан миздүү нерсе менен жаракат алып келгени жөнүндө кабар түшкөн.

Аталган факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин ( Ден соолукка оор зыян келтирүү) 3-бөлүмү боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын алкагында ыкчам тергөө тобу ооруканага барган кезде жабырлануучунун каза болуп калганы аныкталган. Макумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Каза болгон Ш. М.нын досу жана окуяга күбө болгон адамдарды суракка алган учурда окуя болгон күнү маркум М. Ш. «Кенч» кафесинде отурган С. Р. жана Р. А. аттуу кыздар менен сөз талашып уруша кеткени белгилүү болгон. Кафеден сыртка чыккан учурда мас абалындагы С. Р. Ш. М.нын бутуна бүктөмө бычак менен сайып жиберген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош ШИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1999-жылы туулган С.Р. кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты