Шайлоо-2021: Венгрияда алгачкы жолу шайлоо участогу ачылат

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-сентябрдагы жыйынында Венгриянын Будапешт шаарында шайлоо участогун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган чечим Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин түзүлгөнүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде кабыл алынган.

Мындан тышкары быйыл Орусиянын Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск, АКШнын Нью-Йорк жана Чикаго, Түркиянын Анталья жана Италиянын Кальяри шаарларында алгачкы жолу шайлоо участкалары ачылат. Жалпысынан алдыдагы парламенттик шайлоодо чет өлкөдө жашап иштеп жаткан кыргызстандыктардын шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн 29 өлкөдө 58 шайлоо участкасы иш алып барат.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты