Мамлекетке кайтарылган радиожыштыктар жеке тараптарга сатылды

  • 3 года мурун

2021-жылдын 23-27-сентябрында www.auction.nas.gov.kg интернет-порталында Бишкек шаарынын аймагында пайдалануу укугуна 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100МГц көлөмүндөгү коммерциялык жактан жагымдуу радиожыштык ресурсун сатуу максатында үч лот боюнча онлайн-аукцион өттү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өткөрүлгөн
аукциондордун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:

— 1-лот боюнча – 40 МГц (2300-2340 МГц) үчүн 296 млн 121 миң 600
сом суммасын сунуштаган «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom);

— 2-лот боюнча – 20 МГц (2340-2360 МГц) үчүн 353 млн 235 миң 200
сом сунуштаган «НУР Телеком» ААК (О!);

— 3-лот боюнча – 40 МГц (2360-2400 МГц) үчүн 360 млн 64 миң
сом сунуштаган «Sky Mobile» ЖЧК (Beeline).

Натыйжада, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча 2300-2400 МГц
жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү радиожыштык ресурсун колдонуу боюнча үч
лот 1 млрд 9 млн 420 миң 800 сом суммасына сатылды.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн радиожыштык ресурсуна лицензия
1998-жылы (Ала-ТВ ЖЧК) компаниясына Бишкек шаарында эфирдик-кабелдик
телекөрсөтүү тармагын иштетүү үчүн берилген.

2020-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Аскер
прокуратурасы тарабынан айрым мамлекеттик органдардын кызматтык адамдары
аркылуу радиожыштыктарды сатып алуу/сатуу жана аларга карай лицензияларды
кайрадан тариздөө боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууда мамлекеттин кызыкчылыгына
каршы коррупциялык фактылар аныкталып, ага бөгөт коюлган, анын натыйжасы боюнча
бир катар кызматтык жактар кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Радио жыштыкты сатуу маселесине байланыштуу 2020-жылы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берген.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы 2020-жылы 16-июнда кабыл алынды.

Абылгазиевдин арызында анын кызматтан кетүү чечими радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштерге байланыштуу экени белгиленген.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 2020-жылы 20-майда парламенттин жалпы жыйынында жыштык сатуу боюнча дээрлик 5 млрд сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы жана бул коррупциялык иште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыштыгы жок экенин далилдесин деп билдирген.

Көрсөтүлгөн радиожыштыктар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ишке
ашыруу үчүн мамлекетке кайтарылып берилген.

Кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын натыйжасында
мамлекеттин пайдасына кайтарылган радиожыштыктарды сатуу өлкөгө 1 млрд сомдон
ашуун киреше алып келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты