Кара куурай кошулган азыктарды сатуу менен алектенгендердин ишине бөгөт коюлду
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Ички иштер министрлигигин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2026-жылдын июль айында Instagram социалдык тармагындагы kendir_too баракчасы аркылуу курамында кара куурай өсүмдүгүнүн компоненттери бар продукцияларды жарнамалоо жана сатуу менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ал жарандар иштетип жаткан «М» дүкөнүндө тинтүү учурунда курамында кара куурай өсүмдүгүнүн компоненттери бар чай, ун, май, спрей жана витаминдүү капсулалар табылган жана экспертизага берилген.
Соттук-эксперттик кызматтын 6-августтагы эксперттик корутундусуна ылайык, изилдөөгө берилген заттардын курамында – каннабис саманынын концентраты (марихуана) баңгизаты бар экендиги далилденген.
Министрлер кабинетинин №152 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмегине ылайык – каннабис саманынын концентраты (марихуана) Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө тыюу салынган баңгизат каражаттары болуп саналат.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы




