Германияда шайлоодо жеңген партиялар жаңы өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүнү баштады

  • 3 года мурун

Германияда шайлоонун жыйынтыктары чыккандан кийин алдыңкы партиялардын лидерлери жаңы өкмөт түзүү боюнча болжолдуу сүйлөшүүлөрдү баштады.

Канцлердик кызматка талапкер болуп жаткан Социал-демократтар партиясынын (SPD) лидери Олаф Шольц да, Христиан-демократиялык бирикмеси жана Бавариянын христиан-социалдык бирикмесинен турган саясий блогдун (CDU/CSU) өкүлү Армин Лашет да жаңы өкмөттү «Жашылдар» жана Эркин демократиялык партиянын катышуусунда түзүү ниетин билдирип жатышат.

Шольцтун оппозицияга кетүү чакырыгына карабастан, Христиан-демократиялык бирикмесинин лидери Армин Лашет канцлер кызматы үчүн күрөштөн чыгуудан баш тартууда.

Азырынча «Жашылдар» менен Эркин демократиялык партия булардын кимиси менен коалиция түзүүгө даяр экендиги боюнча акыркы чечим кабыл ала элек. Жаңы өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бери дегенде эле жылдын аягына чейин созулат деп күтүлүүдө. Ага чейин Ангела Меркел башында турган министрлер кабинети бийликте калат.

26-сентябрдагы шайлоонун жыйынтыгында вице-канцлер Олаф Шольц жетектеген социал-демократтар добуштардын 25,7%, Меркелдин Христиан-демократиялык бирикмеден жана Бавариянын христиан-социалдык бирикмесинен турган саясий блогу 24,1%, «Жашылдар» партиясы 14,8%, Эркин демократиялык партия 11,5%, «Германия үчүн альтернатива» 10,3% жана Солчулдар (Die Linke) 4,9% ээ болушкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөттө: Социал-демократтар партиясынын, Христиан-демократиялык бирикмесинин жана «Жашылдар» партиясынын лидерлери дебат учурунда. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты