​Мунайзат ташуучу унаага цистернадан бензин куюп жатканда өрт чыкты

  • 3 года мурун

Кайыңды шаарында жайгашкан эт комбинатынын аймагында мунайзат ташуучу унаага цистернадан (резервуар) бензин куюп жаткан учурда өрт чыккан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Цистернанын көлөмү 3000м/куб. Өрттүн кесепетинен айдоочу жеңил жаракат алып, тез жардам кызматы алып кеткен. Абалы жакшы.

Жеринде өрт өчүрүүчүлөр жана «Каинды Ойл» ишканасынан ЗИЛ-131 өрт өчүрүүчү авто унаасы иш алып барган.

Өрт саат 20:55те чектөөгө алынып, 21:17 толук өчүрүлдү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарнан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты