Алмамбет Шыкмаматов депутаттыкка талапкер болуу үчүн министрлик кызматтан отставкага кетет

  • 3 года мурун

Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышууга байланыштуу инвестициялар министри кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди

Бул тууралуу Шыкмаматов Президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда, бүгүн, 27-сентябрда, айтты.

Мамлекет башчы министрлик ишинин жыйынтыгынын жана Кыргызстандын экономикасына чет элдик капиталдык салымдардын агымын көбөйтүү жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу алдын ала маалыматын укту.

Мамлекет башчы Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Шыкмаматов

Президенттин жарлыгына ылайык, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды.

Жогорку Кеңештин депутатынан же Президенттен, жергиликтүү кеңештин депутатынан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлери; ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык, мамлекеттин (муниципалдык) катышуусу 30 пайыздан ашкан үлүшкө ээ ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери саналган талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот.

Мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы, муниципалдык кызматчы, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери болуп саналган талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты