Казакстандын жарандарын Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүүгө шектелип эки кыргызстандык кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен биргеликте мыйзамсыз миграция агымын аныкташты. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын билдиргени боюнча, аталган факты боюнча 39 жана 37 жаштагы эки кыргызстандык шектүү катары кыргыз-казак чек арасынан кармалды. Алдын ала маалыматка ылайык, алар Казакстандын жарандарын Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүп турушкан.

Учурда бул иш боюнча тиешелүү иликтөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты