Чоң Чүй каналынан эркек кишинин​ сөөгү табылды

  • 3 года мурун

Чоң Чүй каналынан 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда Биринчи май районун Ленская көчөсүн бойлой өткөн Чоң Чүй каналында эркек кишинин сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн.

Аталган аймакка куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, суудан болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишини жансыз денесин алып чыгышкан. Андан соң сөөктү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен

Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты