БШКга шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча алгачкы арыз келип түштү

  • 3 года мурун

“Афганистандагы согуштун ардагерлери жана башка жергиликтүү аскердик конфликттердин катышуучулары” саясий партиясы 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу партия Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына билдирди.

Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылып, каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.

БШКга алдыда өтө турчу шайлоого катышуу үчүн жалпы 75 саясий уюмдан арыз келип түшкөн. БШК «Эркин Кыргызстан» жана «Эне жүрөгү — Мекен» партияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты