Кара-Суу районунда жетим балдарга жер тилкелери бөлүнүп берилди

  • 3 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн тургундары У. К., С. Н. жана А. К.нын ар бирине ата-энесиз өсүп жаткандыгына байланыштуу 0,06 га жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

«Турак жайы жок жетим балдардын укуктарын коргоо максатында Ош облустук прокуратурасы тарабынан Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын атына талап келтирилген. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, аталган айыл өкмөттүн чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн жашы жете элек жарандарга жер тилкелери бөлүнүп, аларга укук күбөлөндүрүүчү документтер берилди», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жетим балдарга, ошондой эле ата-эненин кароосунан ажыраган балдарга турак-жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты