УКМК: Калкка дары-дармектерди жогорулатылган баада саткан компаниялардын тобу аныкталды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) калкка дары-дармектерди жогорулатылган баада саткан компаниялардын тобун аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун берген маалыматына караганда, саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында, айрым фармацевтикалык компаниялардын дары-дармектерди калкка ашыкча жогорулатылган баада сатууну көздөп, мыйзамсыз иш алып барганы аныкталган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын кеңсесинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлүп, кошумча бухгалтерия бар экендигин тастыктаган финансылык документтер табылган.

«Ошол эле учурда, булар мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлеринин колдоосу менен салыкты жашырышканы аныкталды. Сырттан алып келинген дары-дармектердин чыныгы баасын жашырып, чайкоочулук кылышкан. Натыйжада мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген”, — деп жазылган маалыматта.

УКМК ошондой эле, бул компаниялар саламаттыкты сактоо системасы аркылуу мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынганын кабарлады. Ага ылайык, бул ишканалардын жетекчилеринин бири А. В. аттуу жаран кармалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча шектелип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул компаниялардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн жана кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты