​Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерликке арыз бергендер 34кө жетти (Тизме)

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз юергендердин саны 26-сентябрга карата 34 кө жетти.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерликке арыз бергендердин арасында азырынча бир гана аял бар.

Бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерликке арыз бергендер:

1.Сариев Акылбек

2.Малиев Арсланбек

3. Дурсунов Атамша

4. Ибраимов Санжар

5. Сейтказиев Анаш

6. Танабаев Нурлан

7.Курманов Байыш

8. Алтынбеков Айбек

9. Нурланбеков Актилек

10. Насиров Абдижалил

11.Исаев Канат

12. Төлөгөнов Бакыт

13. Алымжанов Айбек

14. Шаимкулов Манас

15. Бекмуратов Баймурат

16. Талипов Нурали

17. Усупов Тилек

18. Кебекбаев Сабыралы

19. Сыдыков Бактыбек

20.Тукунов Акжолтой

21. Абдыбахапов Абдыманап

22. Арстанбеков Акылбек

23.Абакиров Аскар

24.Саккараев Медербек

25. Атажанов Ырысбек

26. Лилиенталь Юлия Викторовна

27. Жээнбеков Жусупжан

28. Ганыев Каныбек

29.Карагулов Кубанычбек

30.Аширьаев Элкинбек

31.Сегизбаев Мирбек

32. Абдылдаев Райымбек

33.Сарбагышев Талант

34.Сураналиев Талгат.

Булардын ичинен Акылбек Сариевдин БШКда талапкер болуп расмий катталганы кабарланган.

Бир мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары

Облус

Шайлоочулардын саны

Округдардын саны

Бишкек

428 599

4

Ош, Ош облусу

898 569

9

Баткен облусу

305 053

3

Жалал-Абад облусу

686 364

7

Талас облусу

163 109

2

Чүй облусу

609 774

6

Нарын облусу

209 101

2

Ысык-Көл облусу

316 572

3

Баардыгы:

3617141

36

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты