Марипов: Кадр алмаштыруу бажыдагы абалды өзгөртпөйт

  • 3 года мурун

Бажы системасын толук санариптештирмейинче, кадр алмаштыруудан пайда чыкпайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн жыйынында билдирди.

«Бажы кызматынын иши жөнүндө айта турган болсок, биз канчалык кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабайлы, бажы системасын толугу менен автоматташтырбасак, иш оңолбойт. Биз бажы кызматы менен бизнес өз ара байланышпаган процессти түзүшүбүз керек. Жакын арада бажы декларациясын дистанциялык түрдө толтуруу системасы ишке киргизилиши керек», – деди Марипов.

2020-жылы Эл аралык республикалык институтунун (IRI) иликтөөсу боюнча Кыргызстанда Бажы кызматы «эң коррупциялашкан мекеме» деп табылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты