Александровка айылында өрт чыгып, 15 кой тирүүлөй күйүп кетти

  • 3 года мурун

Кечээ, 24-сентябрда Москва районунун Александровка айылында жеке чарбалардын биринен өрт чыгып, 15 кой тирүүлөй күйүп кетти.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө Москва райондук №15 ӨКБнөн бир бөлүм, Сокулук райондук №23 ӨККБнөн 1 бөлүм, жалпы эки бөлүм тартылган. Өрт саат 14:50дө чектөөгө алынып, 18:34тө толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен 200 ч.м. сарай, 150 ч.м. бастырма, 400 даана түк чөп, 1,5 тонна жүгөрү, болжол менен 2 тонна арпа жана 15 даана кой тирүүлөй күйүп кеткен.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты