Талибдер өлүм жазасы менен кол кесүүнү кайрадан киргизүүгө ниеттенүүдө

  • 3 года мурун

Талибдер өлүм жазасын жана уурулук кылгандар үчүн кол кесүү жазасын кайрадан киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) негиздөөчүлөрүнүн бири, молдо Нуруддин Тураби Associated Press агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал маекте өлүм жазасына карата айтылып келген нааразычылыктарды четке кагып, дүйнөнү Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн ишине кийгилишпөөгө чакырды.

“Бардыгы бизди стадиондогу жазалар үчүн сындап келишти, бирок биз алардын мыйзамдары жана жазалары жөнүндө эч качан эч нерсе деген эмеспиз”.

Талибдер Ооганстанда бийлик жүргүзгөн жылдары айыпталуучуларды Кабулдагы стадиондо же Курбан-байрам мечитинде жазалашкан.

Адам өлтүрүүгө шектелгендерге карата өлүм жазасы каралып, аны жабырлануучу тараптын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири башка аткан. Ал эми уурулукка шектелгендердин колун кесишкен.

Молдо Нуруддин Тураби Associated Press’ке берген маегинде «Колду кесүү коопсуздукту камсыздоо үчүн өтө керек нерсе», — деп белгилеген.

Анын айтымында, жаңы өкмөт мындай жазаны эл алдында колдонуу туурабы деген маселенин үстүндө иштеп жатат.

Нуруддин Тураби 60 жашта. Ал “Талибан” Ооганстанды бийлеп турган учурда юстиция министри жана диний полициянын жетекчиси болгон.

Ушул жылдын август айында талибдер ооган өкмөтүнө каршы ыкчам чабуул коюп, Ооганстандын бардык аймактарын басып алган. 15-августта өлкөнүн баш калаасы Кабулду ээлеп алган соң өз бийлигин орнотконун жарыялаган.

Талибдер Ооганстанды буга чейин 1996-2001-жылдары башкарып, өлкөнү Ислам Эмираты деп жарыялаган. Анда алардын өкмөтүн иш жүзүндө үч гана өлкө — Пакистан, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары тааныган.

Сүрөттө молдо Нуруддин Тураби / Associated Press агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты