ИИМ аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40 пайызга жогорулайт

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 1-октябрдан тартып 40 пайызга жогорулайт. Тиешелүү токтомго 24-сентябрда Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, ошондой эле аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын август айында Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада 1-октябрдан тарта аталган категориядагы аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жогорулай тургандыгын билдирген.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты