​Темир Сариев жана Данияр Нарымбаевдин камак мөөнөтү узартылды

  • 3 года мурун

Кумтөрдөгү коррупция иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин, ошондой эле президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасын карады.

Сот Темир Сариев жана Данияр Нарымбаевдин камактгы мөөнөтүн 30-ноябрга чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Бүгүн Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди 30-ноябрга чейин УКМКнын абак жайында кармоо чечимин каблы алды.

Сүрөттө: Темир Сариев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты