Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого 244 ЖМК аккредитациядан өттү
- 3 года мурун
Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого 244 ЖМК ажана интернет басылма аккредитациядан өттү.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
23-сентябрда БШК жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн 244 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылманы аккредитациядан өткөрдү.
«ПолитКлиника» медиасы да Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого БШКнын аккредитациясынан өттү.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү