​Кыргыз-тажик чек арасында окуучулар чырдаша кетти

  • 3 года мурун

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кеткен. Анын натыйжасында кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан.

Бул тууралуу ” Баткен районунун акими Учкун Жоробаевдин айткандарына шилтеме берип, “Азаттык” билдирди.

Маалыматта Жоробаевдин айтканы боюнча, окуя бүгүн, 23-сентябрда, саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участогунда болгон.

“Алдын ала маалымат боюнча кыргызстандык 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу кыргыз балдарын токмоктоп койгон. Кыргызстандык окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилди. Абалы жакшы”.

Болгон окуядан кийин Баткен районунун акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн, атайын кызматтын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Тажикстандын Исфара районунун башчысы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугушканы маалымдалды.

Тараптар мыйзам бузгандарга чара көрүү боюнча макулдашууга келишкени жана чек ара аймагында абал тынч экендиги кабарланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты