Кабулда Кыргызстандын өкүлдөрү менен «Талибандын» министри жолугушту

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков жана президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Жээнбек Кулубаев Кабулда Ооганстандын «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) курган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушту.

Бул тууралуу 23-сентябрда талибдердин өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забиулла Мужахид «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Ал жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болгонун билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана президенттик администрация бул жолугушуу тууралуу комментарий бере элек.

Август айында талибдер ооган өкмөтүнө каршы ыкчам чабуул коюп, Ооганстандын бардык аймактарын басып алган. 15-августта өлкөнүн баш калаасы Кабулду ээлеп алган соң өз бийлигин орнотконун жарыялашкан.

Сүрөт Забиулла Мужахиддин «Твиттердеги» баракчасынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты