​Бишкек шаардык мэриясы 1,1 млрд сомдук карыздын себебин аныктоо үчүн текшерүү жүргүзөт

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы структуралык бөлүмдөрдө аудитордук текшерүү жүргүзөт. Буга айрым муниципалдык ишканаларда 1,1 млрд сомдон ашык дебитордук карыз бар деген маалымат түрткү болгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Мындай кырдаал ишканалардын милдеттерин так аткарбаганынан жана тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан улам пайда болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Алгач “Тазалык”, “Бишкекжарык”, “Бишкекасфальткызмат”, “Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар” муниципалдык ишканалары, Шаардык чарба департаменти жана “Бишкекжылуулуктармагы” коммуналдык ишканасы текшерүүгө алынат.

Мындай текшерүүлөр кийинчерээк башка бөлүмдөрдө дагы жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты