Бишкектин Манас көчөсүнүн кире беришинде жаңы архитектуралык стеланын курулушу уланууда
- 1 месяц мурун
Борбор шаардын Манас көчөсүнүн (Васильевский тракт) кире беришинде жаңы архитектуралык стеланын курулушу уланууда.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Стеланын негизги композициялык өзөгүн Кыргызстандын тоо чокуларын символдоштурган монументалдык архитектуралык форма түзөт. Анын чокусуна өлкөбүздүн улуттук символдорунун бири болгон ак илбирстин айкели орнотулат.
Стеланын бийиктиги болжол менен 10 метрди түзөт. Ал эми ак илбирстин айкелинин узундугу болжол менен 3,5 метр, бийиктиги 3 метр болот. Көрктөндүрүлүүчү аймактын жалпы аянты 794,08 чарчы метрди түзөт.
Учурда стеланын темир-бетон конструкциясын куруу иштери толугу менен аяктады. Азыркы тапта ак илбирстин айкелин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Айкел орнотулгандан кийин стеланын сырткы бөлүгү гранит плиталары менен капталып, андан соң аймакты көрктөндүрүү жана архитектуралык жарыктандыруу иштерин бүтүрүү пландаштырылууда.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




