Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 9-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

  • 2 недели мурун

Бишкекте 9-июлда саат 09:00дөн 03:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүлө турган аймактар: Алма-Ата көчөсү, «Чыгыш-5» кичи району, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин, Алма-Ата көчөсү, ЧЧК, Бакай-Ата көчөсү, Лебединовка айылы — Киров көчөсү боюнча ЧЧКдан Калинин көчөсүнө чейин, Луганский көчөсү, Лермонтов көчөсү, Жайыл Баатыр көчөсү, «Мадина» базары, Алма-Ата көчөсү.

Өчүрүү шаардык суу түтүктөрүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы уюмдарды, шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, пландуу жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алып турсаңыз болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты