Караколдо милиция кызматкерлери кош бойлуу келинди сабаган деп шектелүүдө

  • 3 года мурун

Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери кош бойлуу келинге зомбулук көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө Г.А. аттуу келин кайрылып, эки милиционер жана бир тергөөчү тарабынан зомбулукка кабылганын, анын кесепетинен беш айлык баласы боюнан түшүп калганын айткан.

Арыздануучунун айтымында, ушул жылдын 5-августунда Каракол ШИИБинин эки кызматкери аны кармап кетип, талаага алып чыгып сабап, муунткан жана өлтүрөбүз деп коркутушкан.

Жабыркаганын билдирген аял милиция кызматкерлерин жоопко тартып, жазалоону талап кылууда.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы арыздын негизинде Жазык кодексинин 321-беренесине (“Бийликтен аша чабуу”) ылайык сотко чейинки териштирүү башталганын, аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) облустук башкармалыгы жүргүзүп жатканын билдирген. Атайын кызмат кылмышка шектелип жаткан милиционерлерге карата тийиштүү чечим чыгарын маалымдаган.

Маалыматта бул иш адилеттүү чечим чыкканга чейин акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн көзөмөлүндө болору айтылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты