ТИМ башчысы АКШнын президентинин жана Мамкатчысынын жардамчылары менен жолукту

  • 3 года мурун

22-сентябрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу жана Президенттин улуттук коопсуздук боюнча улук жардамчысы Эрик Грин менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «С5 + 1» форматындагы министрлер жолугушуусунун жыйынтыктарын, ошондой эле эки тараптуу мамилелердин багыттарын жана аймактагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Америка тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча вакцина берүүгө, демократиялык институттарды бекемдөөгө колдоо көрсөтүүгө жана башка багыттар боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Кыргызстанда ооган студенттерин кабыл алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер оң бааланып, өз ара пайдалуу, айрыкча соода-экономикалык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Министр Казакбаев Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн барган. Ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүдө.

“С5+1” — АКШнын Борбор Азиядагы беш республика менен кызматташтыгы боюнча аймактык дипломатиялык платформасы.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты