​Бейтаптар коомчулугу медициналык жардамдын сапатын жакшыртууну көтөрүүдө

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22 — сентябрда, «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен Бишкекте Кыргызстандагы бейтаптар коомчулугунун конгресси өттү.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, экономика жана финансы министрлигинин, Улуттук борборлордун жана медициналык мекемелердин жетекчилери, Акыйкатчы институтунун, эл аралык жана коомдук уюмдардын, жарандык коомдун жана бейтаптардын өкүлдөрү катышты.

“Кыргызстандагы бейтаптар коомчулуктарынын биримдиги” “Ракка каршы бирге” коомдук фондунун демилгеси менен түзүлгөн

Биримдиктин негизги максаты — мамлекеттик органдар менен өз ара байланыш түзүү аркылуу Кыргызстандын жарандарына медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Биримдик саламаттык сактоо системасын каржылоону жана алдын алуу чараларын биринчи орунга коёт.

Сүрөт: Фонддун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты