​Депутат Жээнчороев: “Кечээ эмоция менен биз ашыкча сөздөрдү сүйлөп алдык. Кезигип, ушак, түшүнбөстүктөрдү жокко чыгарып алдык”

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн, 22-сентябрда, Укук бузуулар жөнүндө кодексин, «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга Президенттин каршы пикирин кароо алдында депутат Мирлан Жээнчороев кечээ парламент комитетинде башкы прокурор Курманкул Зулушев менен пикир келишпестик тууралуу айтып, алар кезигип, ортодогу ушак, түшүнбөстөктөрдү жокко чыгарышканын билдирди.

Депутат Жээнчороев мындай деди:

-Кечээ күнү биз баяндай турган маселелер боюнча Курманкул Токторалиевич экөөбүз бир аз пикир келишпестикке келип калдык. Мен ойлойм, эмоция менен биз бири-бирибизге ашыкча сөздөрдү сүйлөп алдык. Бирок биз кезигип, бардык маселелерди такташып алып, ортодо болгон ушак, түшүнбөстүктөрдү жокко чыгарып алдык. Мындан кийин биз конструктивдүү нукта, мыйзам менен так иштешип жүрөбүз деген ишеничтемин.

Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев:

-Сиздин туура түшүнүп, коомчулукка айтып койгонуңуз бул чоң, жакшы нерсе. Анткени эң негизгиси сиздер, мыйзам боюнча талашканды түшүнсөңүздөр болду. Баш прокурор катары мен эч качан бирөөнүн артынан заказ берип, арыз алып же камап, укугун тебелебейм, тебелегенге менин акым да жок. Иштөө стилимди да көрүп атасыздар, эч качан заказ менен иш кылбайбыз. Башкы прокурор мыйзамдуулукту сакташ керек. Өзүңдүн жеке кызыкчылыгыңды мамлекетке аралаштырбаш керек. Ошондуктан баш прокурор катары мен өзүмдүн милдетимди так аткарам деп ойлойм.

Парламент комитетинде Мирлан Жээнчороев башкы прокурорго:

-Мен да жаш бала эмесмин, телефон чалып алып, мен сени “розыскка” берем дегендей.

-Курманкул Токторалиевич, мен сизге айтып коеюн, сиздин “Камчыке, (Камчыбек Ташиев- УКМКтөрагасы-ред.) Мирланга бирдеме таап берчи, менин тилимди укпай жатыры” дегенди. Андай кылбаңыз. Бул күндөр да өтөт” деди депутат.

Жогорку Кеңештин аталган комитети кечээ, 21-сентябрда, Укук бузуулар жөнүндө кодексин, «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга Президенттин каршы пикирин карады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты