​Башкы прокурор Зулушев депутат Жээнчороевге: “Эгер команда болсо, сизге бир нерсе таап коюш оңой эле”

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин укук коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынындв башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев кайым айтыша кетишти.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн түшүндүрмөсүндө белгилегендей, ал кодекстин демилгечиси катары КР Президентинин каршы пикирине макул болгонун билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороевдун пикиринде, Президенттин каршы пикирлеринде кодекстин айрым ченемдерин кайра карап чыгуу сунушталган, буга байланыштуу кодекстин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү зарыл.

Комитет жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев кайым айтыша кетишти.

Депутат Жээнчороев башкы прокурор Курманкул Зулушевге мындай деди:

-Мен да жаш бала эмесмин, телефон чалып алып, мен сени “розыскка” берем дегендей.

-Курманкул Токторалиевич, мен сизге айтып коеюн, сиздин “Камчыке, (Камчыбек Ташиев- УКМКтөрагасы-ред.) Мирланга бирдеме таап берчи, менин тилимди укпай жатыры” дегенди. Андай кылбаңыз. Бул күндөр да өтөт” деди депутат Жээнчороев.

Ал эми башкы прокурор Зулушев депутат Жээнчороевге мындайча жооп берди:

-Камчыкеден ушул сөздү далилдеп бериңиз дейм. Мен эч кимге команда бербейм, эгер команда болсо, сизге (кылмыш ишин-ред.) таап коюш оңой эле” деп жооп берди башкы прокурор.

Жогорку Кеңештин аталган комитети бүгүн, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга Президенттин каршы пикирин карады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты