Бишкекте бош иш орундарынын жарманкеси өтөт

  • 3 года мурун

23 сентябрда “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдында бош иш орундарынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын максаты – жумушсуз жарандардын ишке орношуусуна жардам берүү, чоң адамдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана алардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка туруштук берүү деңгээлин жогорулатуу.

Жарманке 23-сентбярда саат 13:00дө “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдында башталат. Иш-чарага жумуш берүүчүлөр, кесиптик лицейлер, менчик билим берүү борборлору жана бейөкмөт уюмдар катышат.

Министрлик берген маалыматка ылайык, жарманкеде ишмердүүлүктүн ар түрдүү тармактарынан Бишкек шаары боюнча 3 миңге жакыниш оруну, аймактардан миңге чукул жумуш оруну сунушталат. Ошондой эле жарандарга ишке орношуу боюнча консультациялар берилет.

Мындан тышкары иш-чарада Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлер жана билим берүү борборлору өздөрү өндүргөн продукциялардын көргөзмөсүн өткөрүшөт.

Акыркы ирет мындай жарменке 2020-жылдын февраль айында өткөрүлгөн. Кийин падемиядан улам уюштурулбай келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты