Кара-Кулжада бир-тууганынын өлүмүнө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды

  • 3 года мурун

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда бир-тууганынын өлүмүнө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция берген маалыматка ылайык, Кара-Кулжа РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Көк-Арт айылынын тургуну 27 жаштагы Б. кызы Б. ошол эле айылга караштуу Бото-Мойнок жайлоосунда мал сарайда асынып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган окуя кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 136-берененин («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») 1-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркум киши колдуу болуп каза болгону аныкталган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган факт Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүнө («Адам өлтүрүү») алмаштырылган.

Жогорудагы факт боюнча шектүү катары Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын тургуну 16 жаштагы К. И., кармалып, 2021-жылдын 11-сентябрында Кара-Кулжа РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү маркумду муунтуп өлтүрүп, кылмыштуу аракетин жашыруу максатында жансыз денени өзү асынып алгандай кылып асып койгондугу белгилүү болгон. Кылмышка шектүү менен маркум энедеш бир-туугандар болгон. Алар сөз талашып уруша кетип аягы ушундай өкүнүч менен аяктаган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү 2 айга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты