Туйгунаалы Абдраимов өзүнө коюлуп жаткан айып боюнча билдирүү таратты

  • 3 года мурун

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү, БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов өзүнө коюлуп жаткан айып (мыйзамыз баюу) боюнча билдирүү таратты.

Анда ал өмүр бою ишкерлик менен алектенип келе жатканын, 2000-жылдан бери 10 жыл бизнесте, 10 жыл мамлекеттик кызматта иштегенин, үй, машина жана жер сатып алып, кайра сатып жүргөнүн, бирок УКМК ошонун баарын аныкы катары көрсөтүп жатканын айткан.

“Ушунча мүлкүм бар экенине мен өзүм таң калдым. Ооба, 3 уулум бар. “Элиткада” эмес, кадимки эле батирде жашашат, кымбат эмес, эски машина айдашат. Бул тууралуу Бишкектин жарымы билет.

90-жылдары жер реформасы учурунда алган айдоо жерлерибиз бар. Жубайымдын Көк-Жарда батири, чакан үйү жана 1995-жылы сатып алган жер тилкеси бар. Өзүмдө болсо конок үйүм жана мал-жандыгы менен кашарым бар. Азыр 400 миң доллар насыя алып, Ысык-Атада реабилитациялык борбор куруп жатам. Аны тастыктоочу документтер бар”, — деп айтылат билдирүүдө.

Саясатчы мындан тышкары “Кайнар” ААКында акциялары бар экендигин айтып, аларды 2000-жылдары Орусияга жана АКШга көчүп кеткен досторунан алганын кошумчалаган.

Кечээ, 20-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Абдраимовдун мыйзамсыз байыганы тууралуу фактылар аныкталганын маалымдаган. Маалыматта Абдраимовдун жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганы, ошондой эле бир катар коммерциялык банктарга финансылык инвестицияларды салганы аныкталганы айтылган. Атайын кызмат саясатчынын жакындарына 16 батир, 18 жер тилкеси, эки унаа токтотуучу жай, беш турак жай, үч дыйкан чарба, 16 автоунаа, “Ысык-Ата” курортунун аймагында бүтпөгөн курулуш объектилери катталганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты