Тарых музейи карыз төлөнмөйүнчө ачылбайт

  • 3 года мурун

Улуттук тарых музейи мамлекет германиялык компанияга 225 миң евро карызды төлөгөн соң ачылат.

Бул тууралуу 20-сентябрда мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

“Карызды төлөмөйүнчө алар биз менен ал тургай сүйлөшпөй жатышат”, — деген Бөрүбаев келишим боюнча акы толук төлөнгөн соң немис адистери келип, музейдеги заманбап программаларды ишке киргизишерин кошумчалады.

Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында реконструкциялоо үчүн жабылган. Музейди оңдоп-түздөө иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ошондой эле Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) 15 млн доллар бөлүп берген. Ал каражатка имараттын сырткы бөлүгү менен айланасы оңдолгон.

Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан. Бул иште шектелген президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

7-декабрда Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты