Алдамчылык фактысы менен мурдагы депутат Кубанычбек Нурматов кармалды

  • 3 года мурун

Өзгөчө ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектелип мурдагы депутат Кубанычбек Нурматов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомствонун билдиргенине караганда, тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылган.

Ага ылайык, Кубанычбек Нурматов 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда баасы 500 миң доллардан ашык кыймылсыз мүлктү алдамчылык жолу менен өзүнө ыйгарып алган.

Буга байланыштуу ал, бүгүн, 20-сентябрда Жазык кодексинин 98-беренеси (Алдамчылык) боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Нурматов 2012-2015-жылдары Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген. 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2021-жылдын августунда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты