​Депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алууга шектелген экс-депутат тергөө аяктагыча камакта болот

  • 3 года мурун

Бишкек шарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Руслан Чойбековдун баш коргоо чарасы каралды. Ал тергөө аяктагыча камакта болот.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. “Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы жана алынган далилдердин натыйжасында, Чойбеков кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.

Бул иштин алкагында Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кармалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты