УКМК: Чүйдө курал жана ок-дарылар катылган жай табылды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүйдүн Аламүдүн районунда АК-74 жана калибри 5,45 × 39 мм келген ок-дарылар жашырылган жайды аныктады.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, курал жана ок-дарылар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган. Азыркы учурда бул ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертип, куралдын мындай түрлөрүн укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын кошумчалаган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты