Душанбеде ШКУнун саммити өтүп жатат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын борбору Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтүп жатат. Анда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары уюм алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулап жатышат.

Саммитке Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекет башчылары катышууда. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышып жатат. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын лидерлери бар.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-сентябрда ошол эле Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммити өткөн. Жыйындын соңунда ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин декларациясы кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлган.

Сүрөт: Президенттин расмий сайты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты