“Кумтөр Голд Компани” ишканасы «Центерраны» коррупциялык иштерге айыптады

  • 3 года мурун

“Камеко” корпорациясы менен “Центерра Голд” компаниясы “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу боюнча толук контролду өз колуна алуу максатында Кыргызстандын мурдагы бийлиги менен жең ичинен сүйлөшүп, “Центерра Голддун” акционердик капиталында кыргыз тараптын үлүшүн атайылап азайтышкан. Бул маалыматты бүгүн, 17-сентябрда “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматта “2013-жылы жүргүзүлгөн комплекстүү соттук-экономикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, “Кыргызалтын” ишканасынын “Центерра Голд” компаниясындагы үлүшү 33% эмес, 58,7 пайызды түзүшү керек эле. Башкача айтканда, кыргыз тараптын “Центеррадагы” үлүшү 25,7%га азайтылган. Бул 2013-жылкы баалар менен 171,5 млн доллар, азыркы баа менен 457,2 млн долларды түзөт. «Ю. Мушкат” жана “Ю. Барлев” эл аралык юридикалык жана аудитордук компаниялары документтерге жана финансылык агымдарга экспертиза жүргүзгөн учурда 2003-жылдагы “Кумтөр” долбоорунун реструктуризациясына байланыштуу “Камеко” жана “Центерра Голд” компанияларынын коррупциялык иштери аныкталган. Айрым шектүү төлөмдөр Кыргызстандын аткаминерлерине «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоодогу иши үчүн «ыраазычылык» түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн экендиги маалым болгон. Кызмат адамдарына карата жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында жана сот тарабынан чыгарылган өкүмдүн негизинде коррупция фактылары тастыкталган”, — деп жазылат.

Билдирүүдөгү маалыматка ылайык, “Кумтөр Голд Компани” ишканасы алтын долбоору башталгандан бери “Центеррага” 1,5 млрд доллар пайда алып келген. Ал эми мыйзамсыз, негизсиз чечимдерди кабыл алган бийлик адамдарынын айынан мамлекетке кеминде 900 млн доллар зыян келтирилген.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупциялык иштерге тиешеси бар деген шек менен «Центерранын» жана «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы жетекчилерине издөө жарыяланганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты