УКМК «Центерранын» жана “Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы жетекчилерине издөө жарыялады

  • 3 года мурун

“Кумтөр” иши боюнча 200 миллион АКШ долларын уурдап, чет өлкөлүк компаниянын эсебине которгон деген шек менен “Центерра” компаниясынын жана “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мурдагы жетекчилерине издөө жарыяланды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы декабрда “Центерра” компаниясынын жетекчилиги “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын башкармалыгы менен жең ичинен сүйлөшүп, 200 миллион долларды чет элдик компаниянын эсебине мыйзамсыз которгону боюнча далилдер алынган.

“Бул факты боюнча «Центерранын» мурдагы президенти Ян Аткинсон, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Андрей Сазанов жана Макл Фишер, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын финансы боюнча вице-президенти Жон Сьютерге сыртынан кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды”, — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканын билдирип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча ишке тийиштиги бар бардык фигуранттарга даражасына жана наамына карабастан юридикалык баа берилерин эскертти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты