ЖЭБ иши: Айбек Калиев менен Салайдин Авазов абактан чыкты

  • 3 года мурун

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишиндеги фигуранттар — Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовдун абактан чыкканы тууралуу маалыматты тастыктады.

Мекеме берген маалыматка ылайык, Айбек Калиев менен Салайдин Авазов жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу абактан чыгарылган.

Бирок маалыматта алардын абактан качан бошотулганы жөнүндө так айтылган эмес.

Кечээ, 16-сентябрда 24.kg агенттиги өзүнүн булактарына таянып, президент Садыр Жапаров Калиев менен Авазовго ырайым көрсөтүү жөнүндөгү чечимге кол койгонун жазып чыккан.

Эске сала кетсек, Айбек Калиев 2019-жылы Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Салайдин Авазов дагы ошол эле иштин негизинде 11 жыл 3 айга камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты