Бийликти күч менен басып алууга шектелип Алмаз Сарыбаев кармалды

  • 3 года мурун

Экономика жана финансы институтунун алдындагы Билим берүү жана карьера борборунун директору Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сарыбаев Жазык кодексинин 309-беренесинин («Бийликти күч менен басып алуу») негизинде кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Мындан тышкары сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы бир нече депутаты, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматкерлер суракка чакырылды. Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш иши боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

14-сентябрда ушундай эле айып менен ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынган.

Алмаз Сарыбаев — Экономика жана финансы институтунун ректору, профессор Айылчы Сарыбаевдин уулу. Учурда Экономика жана финансы институтунун алдындагы Билим берүү жана карьера борборун жетектеп келет. «АКБ Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты