Прокуратура: А. Канатбекованын өлүмү боюнча милициянын иши тергелүүдө

  • 3 года мурун

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине карата ачылган сотко чейинки өндүрүш иши токтотулган жок. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 15-сентябрда Айзада Канатбекованын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов “Фейсбук” баракчасында УКМКнын тергөөчүсү Ормон Амангуловдун айтканына таянып, милиция кызматкерлерине карата “шалаакылык” беренесинин негизинде ачылган кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан токтотулганын жазып чыккан.

Башкы көзөмөл органы бул маалыматты четке кагып, кылмыш иши УКМКнын шаардык башкармалыгында тергелип жатканын жана анын жүрүшү прокуратуранын тыкыр көзөмөлүндө экендигин билдирди.

Айзада Канатбекованы 5-апрель күнү эрте менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Бул тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана аны уурдоого шектүү Замирбек Теңизбаевдин бычакталган сөөгү табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн аны муунтуп өлтүрүп, анан өз жанын кыйган.

Бишкек шаардык прокуратурасы кыздын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин иликтөө максатында «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Тергөө ишин жүргүзүү УКМКга тапшырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты